Кыргызстанда алгачкы жолу бир учурда Азиянын эки чемпиондугу өтөт

19-26-июнь күндөрү Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпиондугу “Бишкек-Арена” муз аянтчасында болмокчу. Бул тууралуу аталган турнирге байланыштуу уюштурулган жыйында маалым болду.

Кыргызстанда алгачкы жолу бир учурда 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында чемпиондук өткөрүлүүдө. Ага жалпы 21 мамлекеттен 500дөн ашык спортчулар катышары айтылды. U17-U23, тагыраагы 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында чемпионаттын бир учурда өтүшү биринчи жолу болуп жатат.

Чемпионат өтө турчу муз аянтча атайын техникалык делегациянын текшерүүсүнөн өттү. Учурда даярдык жакшы. Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Калмира Билимбекова сыяктуу спортчуларыбыз катышат”, — деди Күрөш федерациянын президенти Мелис Турганбаев.

Ошондой эле, Кыргызстан учурда күрөш уюмунун рейтингинде 5-орунда экендигин белгилеп, алдыда Кыргызстанда Париж-2024 жайкы олимпиадасына жолдомо ала турган рейтингдик мелдешти өткөрүү сунушу каралып жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, 2022- жылдын 19-22-июнь күндөрү өспүрүмдөр арасында (U17), ал эми 23-26-июнь күндөрү жаштар арасында (U23) мелдештер өтөт. Беттештер күн сайын саат 10:30 башталып, финалдык беттештер саат 18:30да өтөт. Билет баасы 350 сом.