Кыргызстандык Абдылдабек Кекенов джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль багындырды

Кыргызстандык спортчу Абдылдабек Кекенов джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль багындырды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги өзү менен байланышканда маалым болду.

Маалыматка караганда, турнир Лос-Анжелесте 7-декабрдан 11-декабрга чейин болгон. «73 килограмм салмакта беттештим. Бул салмак категорияда 6 беттеш өткөрдүм, 58 адам катышты. Турнирге жалпы 5 миңдей спортчу катышты», — деди ал.