Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Таразда өткөн күрөш боюнча мелдеште жеңишке жетти

FS 70kg Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

Таразда өтүп жаткан Конаев атындагы эркин күрөш боюнча мелдеште кыргызстандык Эрназар Акматалиев жеңишке жетти. Бул тууралуу Казакстандын Күрөш федерациясы Инстаграм баракчасында билдирди.

Финалда 70 килограммга чейинки салмак ченинде Эрназар Акматалиев Тайлер Бергер менен кез келди.

57 килограммга чейинки салмак ченинде дагы бир кыргызстандык Алмаз Сманбеков финалда казакстандык Мейрамбек Картбайга жеңилип, күмүш медаль тагынды. Бүгүн кыргызстандык Тайырбек Жумашбек казакстандык спортчу менен 1-орун үчүн ат салышат.