Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Казакстан кубогуна ээ болду

Кечээ, 28-октябрда Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын футбол боюнча кубогунун финалы орун алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. Беттеште Гүлжигит Алыкулов ойногон «Кайрат» менен карагандалык «Шахтер» курамалары кез келишти.

Оюндун негизги жана кошумча убактысы 3:3 эсеби менен аяктап, оюндан кийинки пенальтилер сериясы жыйынтыгы боюнча, 9:8 эсеби менен алматалык клуб жеңип чыкты. Ошентип, «Кайрат» Казакстандын 10 жолку чемпиону аталды.

Алыкулов беттештин 81-мүнөтүндө оюн талаасына чыгып, 11 метрлик соккулардын бирин ишке ашырды. Алматалык клуб бул сезондо чемпионатта 3-орунду ээлеген.