Кыргызстандык оор атлетчилер Бахрейндеги мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргызстандык оор атлетчилер Бахрейнде өткөн Эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков 1-орунду, ал эми 89 килограмм салмакта Эмил Молдодосов 2-орунду ээледи.