Кыргызстандык спортчулар Болгарияда үч медаль жеңди. Акжол Махмудов коло үчүн күрөшөт

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов бүгүн Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov — Nikola Petrov турниринде коло медаль үчүн ат салышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясы билдирди.

Акжол Махмудов жарым финалда 77 килограммга чейинки салмак ченинде Болгариянын спортчусуна утулуп калды. Турнирдин алтын медалын дагы бир кыргызстандык Балбай Дордоков (55 килограммга чейин) алды.

Бүгүн жыйынтыкталуучу турнирдин коло медалынын ээси Үзүр Жузупбеков менен Тынар Шаршенбеков болду.