Кыргызстандык теннисчи Эфиопияда өткөн турнирде жеңишке жетти

Сезим Сагынбаева Эфиопияда өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Теннис федерациясы Инстаграм баракчасына билдирди.

Сагынбаева Орусиядан барган өкүл менен жупта 1-орунду алды. Жеке беттеште кыргызстандык жарым финалга чыгып, Испаниянын өкүлүнө утулуп калды.