Кыргызстандык төрт спортчу дүйнөнүн 25 жашка чейинки мыкты балбандарынын рейтингине кирди

Кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы 25 жашка чейинки мыкты балбандардын дүйнөлүк рейтингине кирди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү билдирди.

Маалыматка караганда, United World Wrestling 2022-жылы мыкты беттеш көрсөтө алган балбандарды көрсөткөн. «Бул жылдыздар өздөрүнүн шык-жөндөмдүүлүгүн далилдешкен жана муну уланта бериши мүмкүн, айрыкча Париж Олимпиадасына эки гана жыл калганда», — дешти уюмдан. 

Рейтингге 25 спортчу кирген, анын ичинде грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү бар. Олимпиаданын коло байге ээси, Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова рейтингде алтынчы орунду ээледи. Жетинчи орунду Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов ээледи. 15-орунду 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө чемпиону Эрназар Акматалиев ээледи. 23 жашка чейинки балбандар арасында Дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы 17-орунду ээледи.