Кыргызстандын боксунда тарых жараткан Мунарбек Сейитбек уулун Ошто кандай тосуп алышты? (сүрөттөр)

Кечээ, 17-майда Ош шаарындагы аэропортто 57 килограммга чейинки салмак ченинде бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулун салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана мушкердин жакындары катышты.

Мушкер Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда биринчи медаль – коло медалды жеңип алды. Бокс боюнча XXII дүйнө чемпионаты 30-апрелден 14-майга чейин Ташкентте (Өзбекстан) өткөн. Чемпионатка дүйнөнүн 107 өлкөсүнөн 538 спортчу катышты.