Кыргызстандын футбол талаасынын мыктыларын сыйлоо аземи болуп өттү

Сүрөттө "Мыкты күйөрман" деп табылган Усманкулов.

Бишкекте өлкөнүн мыкты футболчуларын, машыктыруучуларын жана калыстарын сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан билдиришти.

Мыкты футболчу деп Валерий Кичин, профессионалдык лиганын мыкты оюнчусу Магамед Узденов, мыкты футбол машыктыруучусу Жейлан Арикан деп табылды. Нурсулуу Мурзакулова жылдын мыкты футболчусу, Рамина Цой мыкты футбол калысы аталды.

Мыкты футзалчы Кайрат Кубанычов, футзал боюнча мыкты машыктыруучу Марат Дуванаев, калыс Чыңгыз Мустафаев. Кристиан Браусманн мыкты жаш оюнчу деп табылды. Бакыт Усманкулов мыкты күйөрман болду.