Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы өз дивизионунда Дүйнө чемпиондугун жеңип алды

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы өз дивизионунда Дүйнө чемпиондугун жеңип алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. 

Турнир 27-февралдан 5-мартка чейин Босния-Герцеговинада өтүп, бир айлампада өз ара ойногон 6 команда катышкан. Ар бир команда 5 оюн өткөрдү. Кыргызстандын курама командасы бардык беттештерде жалпы 76:5 эсебинде жеңишке жетип, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Бул жеңиш Кыргызстандын курама командасына келерки жылы үчүнчү дивизиондун А тайпасынан чыгууга мүмкүндүк берди. Быйыл үчүнчү дивизиондун А тайпасында Түркмөнстан, Кытай Тайбэй, Түштүк Африка, Люксембург, Таиланд жана Түндүк Кореянын командалары ойнойт. Оюндар 17-23-апрель күндөрү Түштүк Африкада өтөт.