Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курамасы топ-5ке кирди

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы 2021-жылдагы эң ийгиликтүү 5 команданын катарына кирди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтына жарыяланды. 

Команда төртүнчү орунга чыкты. «Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы дүйнөлүк спорт аренасында мыкты өсүш көрсөттү. Норвегияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда команда үч медалды, анын ичинде эки алтынды алды», — деп белгиледи UWW.

Биринчи орунда Япония, экинчи орунда Орусия, ал эми үчүнчү орунда Украина турат.