Дарья Маслова спорттук карьерасын жыйынтыктаганын билдирди

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Дарья Маслова профессионалдык карьерасын аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Мен кыргыз элим жана күйөрмандарым менен жаңылыгымды бөлүшкүм келет. Көпкө ойлондум жана өзүм үчүн абдан оор чечим чыгардым. Менин профессионалдык карьерама чекит коюуга убакыт келди! Кыргызстанда спортту колдоо зарыл экенин айткым келет. Таланттардын ачылышына көңүл буруу керек, анткени биздин өлкөдө жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана башка тармактарда көптөгөн таланттар бар. Улуттук спорттун түрлөрү маанилүү, бирок спорттун башка түрлөрүн да унутпоо керек! Мен бир күнү мамлекет өзүнүн баатырларын, өлкөнүн патриотторун байкайт жана биз албаган колдоону көрсөтөт деп үмүт кылам», — деп жазды спортчу.