Кышкы Олимпиада. Лыжачы Максим Гордеевдин атаандаштарынын тизмеси

Пекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында эркектер арасында слалом боюнча бардык катышуучулар белгилүү болду. Бул дисциплинанын башталышы 88 спортчунун катышуусунда 16-февралга белгиленген.

Кыргызстандык Максим Гордеев 81 номерде күч сынайт. Биринчи мелдеш Бишкек убактысы боюнча 8:15те, экинчиси 11:45те башталат.