Кытайда өтчү жайкы Азия оюндары пандемиянын уланып жатышынан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Быйыл, 2022-жылы Кытайда өтө турган жайкы Азия оюндары жылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Олимпиада комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим ОСА, Кытайдын Олимпиада комитети жана Азия оюндарын уюштуруу комитетинин сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынган. Кабыл алуучу өлкө оюндарга даярданган. Кийинкиге калтырууга пандемиянын уланып жатышы себеп болду. Жайкы Азия оюндарын өткөрүүнүн жаңы датасы жакынкы арада макулдашып, жарыяланат.

Кытай декабрь айында жаштар арасындагы Азия оюндарын өткөрүшү керек болчу. Башкармалык аларды жокко чыгарган. Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов азыр Ташкентте. «Биз которуунун себебин түшүнүп жатабыз. Жакынкы аралыкта дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал нормалдашып, бардык мелдештер календардык планга ылайык өткөрүлөт деп ишенебиз», — деди ал.