Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар арасында курама командасы (U-20) Мальдив аралдарынын Мале шаарында өткөн Борбор-Азиялык волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпионатында 1-орунду ээледи.
Аталган мелдеште 4 өлкөнүн курама командалары бири-бири менен айлампа түрүндө беттеш өткөрүштү.
Кыргызстандык спортчулар биринчи айлампада Мальдив аралдарынын командасын 3:0 эсебинде, экинчи айлампада Непал өлкөсүн 3:0 эсебинде артта калтырды. Үчүнчү айлампада Шри-Ланканын курама командасына 2:3 эсебинде жеңилип, жарым финалда экинчи ирет Непалдын командасын 3:0 эсебинде жеңди. Ал эми биринчи орун үчүн беттеште кайрадан Шри-Ланканын командасын менен кез келип, жыйынтыгында 3:0 эсебинде утуп мелдештин жеңүүчүсү аталды.
Мыкты чабуулчу — Роза Расулбек кызы;
Мыкты байланыштыруучу — Алия Керезова;
Мыкты тосмочу — Сайкал Амиракулова;
Мыкты диагональ чабуулчу — Айтурган Айтбекова;
Турнирдин эң баалуу оюнчусу — Роза Расулбек кызы.
Курама команданы башкы машыктыруучу
Курсантбек Уланбек уулу жетектеп мелдешке катышты.
Толку маалымат берсеңиздео канча суммага чейин берилет жана кандай социалдык абалдардагы адамдарга берилет жана кайсыл банк аркылуу төлөмдөр кандай жүргүзүлөт