«Кыздарыңыз мушташа кетишиптир». Күрөш боюнча кураманын машыктыруучусун туулган күнүндө тамашага салышты

Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү башкы машыктыруучу Нурбек Изабековду туулган күнүндө тамашага салышты. Видеону Айсулуу Тыныбекова жарыялады.

Видеодон көргөндөй, кыздар бөлмөнү кооздоп, ырдачу ырларын кайталап, туулган күнүнө белек катары алган жолдомону даярдап турушат.

Милиция кызматкерлери машыктыруучуга чалып, кыздары тентектик кылып койгонун айтып, чакырат. Милиция чакырган жерге барган машыктыруучу кыздардын түндө көчөдө эмне кылып жүргөнүн сурап, бир нерсе керек болсо, машыктыруучуга чалышы керектигин айтат. Ошол учурда милиция сүйлөшүү үчүн аны бөлмөгө киргизет. Кыздар агайын туулган күнү менен куттуктап, даярдаган белегин беришет.

Нурбек Изабеков 1970-жылы 16-февралда туулган. Ал быйыл 52 жашка чыкты.