«Манчестер Юнайтед» Роналду менен келишимди үздү

«Манчестер Юнайтед» португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду менен келишимди бузганын жарыялады.

«Манчестер Юнайтед» ага кошкон салымы үчүн атап айтканда, 346 беттеште 145 гол киргизгени үчүн ыраазычылык билдирип, ага жана үй-бүлөсүнө жакшылыктарды каалады. «Клубдагылардын баары Эрик тен Хагдын жетекчилиги астында команданын ийгиликтери, ошондой эле футбол талаасында ийгиликке жетүү үчүн биргелешип иштөө жөнүндө гана ойлонушат», — деп айтылат клубдун расмий билдирүүсүндө.

Роналду 2003-жылдан 2009-жылга чейин ойногон «Ювентустан» 2021-жылы жайында «Манчестер Юнайтедге» өткөн.