Мээрим Жуманазарова Азия чемпиондугунда мурдун канаткан казак балбанын жеңди (видео)

Мээрим Жуманазарова Бишкек шаарында өтүп жаткан рейтингдик мелдештин жарым финалына чыкты.
Ал эркин күрөш боюнча 68 килограмм салмак категориясында күч сынашып жатат. Жуманазарова 1/4 финалда казакстандык Елена Шалыгина менен күрөштү. Беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, жеңиш Жуманазаровага ыйгарылды.

Мээрим Жуманазарова 11-апрелде Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн күрөшүп, беттеште мурдунан жаракат алып, четтетилип калган. Андан соң Инстаграмдагы баракчасына сторис бөлүшүп, стористе «калыстар адилетсиз чечим чыгарды» деген аталышта видео жарыяланган. Ал эми Казак спортчусу Елена Шалыгина беттеш тууралуу комментарий берип жатып «Мен башым менен кокустан Мээримдин мурдуна тийип алдым. Ушундай болуп калды» деген.