Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыкты.

Кыргыз балбаны беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштады. Анын алгачкы атаандашы кореялык спортчу Минжи Ха болду. Жуманазарова аны 8:0 эсеп менен жеңип, чейрек финалга чыкты.