Мелис Турганбаев: «Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчулары 14 медаль алды. Дагы 2-3 медаль болсо болмок»

Бүгүн, 28-апрелде Монголиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өтүп жатат. Ага спортчулардан тышкары алардын машыктыруучулары, федерация өкүлдөрү да катышууда.

Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев Азия чемпиондугунда 14 медаль алуу бул жакшы көрсөткүч экенин, бирок дагы 2-3 медаль болсо, жакшы болмок деген оюн билдирди. «14 медаль деле чоң жетишкендик. Албетте, дагы бир 2-3 медалга жетсек болмок. Бул спорт да, баары даярданып, баары уталы деп келишет. Эми Олимпиадалык даярдык болуп жатат да. Чоң даярдык менен барышкан», — деди ал.