«Мен үчүн машыктыруучумдун мактаганы эң маанилүү». Эки жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын маеги

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова журналисттерге машыктыруучусу боюнча, Олимпиада оюндарынан кийинки даярдыгы, Олимпиада оюндарында күмүш медаль алганына капаланганы тууралуу маек берди.

«Мен килемден түшөр замат машыктыруучум мактады. Бул мен үчүн эң маанилүү. Эгерде менин машыктыруучум ыраазы болсо, анда бардык мекендештер да ыраазы болот. Биринчи кезекте мен өзүмө далилдедим. Буга чейин бизде бир эле дүйнөлүк чемпион болгон. Ал мен болчумун. Эми мен Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болдум. Албетте, бул Олимпиадада утулгандан кийин мени кубандырат. Мен өзүмдү толук даярдай алган жокмун. Даярдыктын мындай деңгээлинде жеңишти тартып алуу мен үчүн чоң сыймык», — деди ал. 

Спортчу мындан тышкары, Олимпиада оюндарынан кийинки машыгуулары тууралуу айтып берди. «Мен Олимпиада оюндарынан кийин дээрлик 1 ай машыккан жокмун. Мүнөзүмдү салып эле күрөштүм. Мен өзүмдү тарыхка Дүйнөнүн эки жолку чемпиону катары киргизе алдым. Бул мен үчүн сыймык», — деди балбан.

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында алган күмүш медалы боюнча төмөнкүлөрдү айтты. «Мен кабыл алууну жана коё берүүнү үйрөндүм. Күмүштү алып калганым өкүнүчтүү болуп калды, бирок моюн сундум. Мен бул күмүштү алтындан да бийик кабыл алдым. Бүгүн мен Дүйнө чемпиону болдум, эртең менин жашоомдун дагы бир этабы башталат, башка пландар. Риодогу Олимпиадада утулгандан кийин жарым жыл бою бул жеңилүүнү коё бере албай, депрессияга түштүм. Ойлонбой коюу оор болгону менен, мындай жүк менен жашоо да кыйын болду. Мен кырдаалды кабыл алууну жана коё берүүнү үйрөндүм», — деди ал.