Министр: «Манас Ниязов минген атты сатып алганбыз, аны вандык кыргыздарга тартуулайбыз»

«Манас Ниязов минген атты сатып алганбыз, аны вандык кыргыздарга тартуулайбыз». Бул тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов кечээ, 2-октябрда Түркиянын Изник шаарында билдирди.

«Көк бөрүнү бул жерде расмий программага киргиздик. Тай казаныбызды алып келип жасадык. Биз аны Түркияга, вандык кыргыздарга калтырып жатабыз. Аттарды алып келүүгө техникалык жактан мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Акчадан улам эмес. Аттарды ижара алдык, анын арасынан Манас Ниязов минген атты сатып алдык эле. Ошону дагы вандык кыргыздарга белек катары беребиз», — деди министр.