Нооруз-2023: Көк бөрү боюнча мелдештин ачылыш аземи өттү

Кечээ, 14-март күнү Бишкек шаарынын «Аккула» ат майданында «Нооруз-2023» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев жана күйөрмандар катышты.

Министр өз сөзүндө бардык катышуучуларды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктап, спортчуларга ийгилик каалады. “Көк бөрүнү канча көрсөк да, ар бир оюн өзгөчө! Жерде туруп көтөрө албаган салмакты ат жалында көтөрүп, казанга салган жигиттер суктандырбай койбойт. Мына ушундай улуттук оюндарга бай кыргыз маданиятын көрүп ар дайым сыймыктанабыз. Жигиттерибизге ийгилик!” — деди министр.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 37 команда күч сынашууда. Финалдык беттештер 21-март күнү өтөт.