Нооруз-2023: Көк бөрү ойногон командалар акчалай түрдө кандай сыйланышты?

13-21-март күндөрү «Аккула» ат майданында жогорку, биринчи, экинчи лига жана 40 жаштан жогорку курама командалар арасында көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеш өттү.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 37 команда ат салышты. 21-март күнү финалдык беттештер болуп өттү. Оюн талаасында биринчи лиганын «Жаштык» жана «Четинди-Бишкек» командалары күч сынашты. Жыйынтыгында «Жаштык» командасы 7:2 эсебинде жеңишке жетишип, жогорку лигага көтөрүлдү. Ал эми жогорку лиганын «Ынтымак» жана «Сары-Өзөн» командалары беттешип, «Ынтымак» командасы 5:0 эсебинде утуп, “Нооруз-2023” республикалык мелдешинин жеңүүчүсү болду.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси. Жогорку лига:

1-орун — “Ынтымак» (1 000 000);

2-орун — “Сары-Өзөн” (500 000);

3-орун — “Достук” (250 000);

4-орун — “Алтын-Альянс” (130 000);

5-орун — “Мурас” (80 000);

6-орун — “Ак-Шумкар” (50 000).

Мыкты оюнчу: Эсен уулу Өмүрбек («Ынтымак») 10 000 сом;

Мыкты аргымак: Даран («Сары-Өзөн») 10 000 сом.

Биринчи лига:

1-орун — “Жаштык” (150 000);

2-орун — “Четинди-Бишкек” (100 000);

3-орун — “Ийгилик” (70 000);

4-орун — “Намыс” (50 000).

Мыкты оюнчу: Абдыллаев Арген («Жаштык») 10 000 сом;

Мыкты аргымак: Чырак («Четинди-Бишкек») 10 000 сом.

Экинчи лига:

1-орун — “Көк-Жал” (70 000);

2-орун — “Кара-Балта” (50 000);

3-орун — “Кетмен-Төбө” (40 000);

4-орун — “Ак-Илбирс” (30 000).

Мыкты оюнчу: Каныбеков Зулпукор («Көк-Жал») 5000 сом;

Мыкты аргымак: Барон («Кара-Балта») 5000 сом.

Ардагерлер 40 жаш:

1-орун — “Жети-Дубан” (70 000);

2-орун — “Сары-Өзөн Чүй” (50 000);

3-орун — “Ардагер” (40 000).

Мыкты оюнчу: Самудинов Мирлан (5000);

Мыкты аргымак: Кой-Күрөң (5000).