“Нооруз-2024” турнири: Көк бөрү боюнча жогорку жана биринчи лиганын оюндары башталды

Бишкекте “Ак-Кула” ат майданында көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” республикалык мелдешинин алкагында жогорку, биринчи жана ардагерлер лигасынын оюндары старт алды.
Салтанаттуу ачылыш аземге Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын кызматкерлери, көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
Турнирдин алгачкы күнү, 12-мартта экинчи лиганын оюндары менен башталды. Ал жакта 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, оюн көрсөтүштү. 15-марттан тарта жогорку, биринчи жана ардагерлер лигасынын оюндары башталды. Ал эми финалдык оюндар 21-март күнү Бишкектин чет жагында салынып жаткан жаңы ипподромдо өтөт.