Нооруз: Көк бөрү боюнча республикалык мелдештер башталды

Кечээ, 13-март күнү Бишкек шаарындагы «Аккула» ат майданында көк бөрү оюну боюнча Нооруз майрамына карата республикалык мелдештер башталды. Мелдештин биринчи күнү жалпы 7 оюн болуп, экинчи жана биринчи лиганын курама командалары беттешти.
Биринчи күндүн жыйынтыгы:
Экинчи лига:
«Ак-Суу» жана «Аккула» — 0:2;
«Кара-Балта» жана «Тянь-Шань» — 5:0;
«Көк-Жал» жана Ак-Илбирс» — 3:1;
Биринчи лига:
«Ысык-Ата» жана «Ачы» — 2:1;
«Кемин» жана «Саякбай-Ата» — 3:0;
«Жаштык» жана «Өзгөн ынтымагы» — 5:4;
«Бишкек Четинде» жана «Бакай-Ата» — 3:2.
Бүгүн чыга турган курама командалардын тизмеси:
9:00-9:55 — «Теңир-Тоо» — «Сары-Өзөн Чүй» (40 жаш);
10:00-10:55 — «Жалал-Абад» — «Жети дубан» (40 жаш);
11:00-11:30 катышуучулардын парады:
13:00-14:30 «Сары-Өзөн» — «Ак-Шумкар» (Жогорку лига);
14:30-15:25 «Ардагерлер» — «Ысык-Көл» (40 жаш);
15:30-16:25 «Сары-Өзөн Бишкек» — «Талас» (40 жаш);
16:30-17:25 «Ош шаары» — «Суусамыр» (40 жаш).