Нооруз турниринде «Ынтымак» чемпион болду

Бүгүн, 21-мартта Талас облусунун «Ынтымак» командасы Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасын жеңип, Жогорку Лигада чемпион болду. Финалдык беттеш 4:1 эсебинде «Ынтымактын» жеңиши менен жыйынтыкталды.

Алты команда ат салышкан Жогорку Лигада 3-орунду «Достук», 4-орунду «Ала-Тоо», 5-орунду «Мурас», 6-орунду «Көк-Жал» командасы алды.

Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.