Олимпиада оюндарындагы Кыргыз курама командасынын расмий кийими көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитети Пекинде боло турган Кышкы Олимпиада оюндарында Кыргыз курама командасынын расмий толук кийимдерин көрсөттү.

Маалыматка караганда, Жаңы жыл алдында президент менен жолугушууда профессионалдуу лыжа жабдуусун, анын ичинде белгилүү италиялык Vist компаниясынын экипировкасын каржылоо тууралуу өтүнүч айтылган. Лыжа спорту федерациясы керектүү экипировкасын жана дизайнды иштеп чыккан. 30-декабрда Олимпиада катышуучусу Максим Гордеев менен анын машыктыруучусу Игорь Борисовго парад жана жарышуулар үчүн 12 предметтен турган экипировкага буюртма берилип, сатып алынган. 17-январда Максим Гордеев үчүн профессионалдуу лыжа сатып алынды. Улуттук Олимпиада комитети улуттук жана олимпиадалык символика түшүрүлгөн калпак, төш белги, желекке да буюртма берди.

Бир күн мурун сунушталган биринчи комплект машыгуу учурунда кийилет, аны кытайлык Tectop компаниясы бекер берген.