Оор атлетчи Европа чемпиондугунда эс-учун жоготуп кулап, периштелерди көргөнүн айтты

Румыниялык оор атлетчи Андреа Котрута Ереванда өтүп жаткан Европа чемпиондугунда 55 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча мелдеште эс-учун жоготуп, андан кийин периштелерди көргөнүн айткан. Бул тууралуу R-Sport басылмасы жазды. 

«Эмне болгонун билбейм. Мен периштелерди көрдүм, залды айланып учуп жүргөн адамдарды көрдүм, анан кулап калдым. Мен өзүмө өзүм жеңишиң керек деп айтып жаттым», — деди ал. 

Кечээ, 16-апрелде 19 жаштагы спортчу эсин жоготконуна карабай, Европа чемпиону болду. Ал ордунан туруп, чечинүүчү бөлмөгө кеткен. Аны машыктыруучу эсине келтирип, кыз 110 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы жыйынтыгы менен 210 килограммга жетип, алтын медалга ээ болду.