«Ооруп 2 жума төшөктө жаттым». Айсулуу Тыныбекова жеңиштен кийинки эмоциясы менен бөлүштү

14-апрелде Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова алтынчы жолу Азия чемпиону болду. 62 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова чечүүчү финалдык беттеште япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 9:6 эсебинде жеңди.

Балбан жеңиштен кийин ооруп 2 жума төшөктө жатып, арыктап кеткенин, өз үйүндө килемге чыгуу маанилүү болгонун айтты.