Орусиянын улуттук курама командасы Жуманазарова менен Велиеванын беттешинин жыйынтыгына каршы

Күрөш боюнча Орусия курама командасынын машыктыруучулар штабы Дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалдык беттешинде орусиялык спортчу Ханум Велиева менен Мээрим Жуманазарованын калыстарына нааразычылык билдиришмекчи. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты. 

Беттеш кечээ, 6-октябрда болуп, анда Велиева Жуманазаровадан жеңилип калган. «Биз каршылык көрсөтөбүз. Одоно ката кетти. Таблодогу көрсөтмө боюнча Велиева финалга чыгышы керек болчу. Эстүү жана жоопкерчиликтүү адамдар калыстык кылышы керек болчу», — деди Орусиянын күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 10-октябрда жыйынтыкталат.