Пекинде өтүүчү Олимпиадага Кыргызстандан бир спортчу барат. Делегациянын курамы

Кытайда 4-20-февраль күндөрү өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын делегациясынын курамы белгилүү болду. Оюндарга өлкөнүн атынан бир спортчу катышат, ал — Максим Гордеев. Аны менен кошо Кытайга машыктыруучусу Игорь Борисов да барат. Спортчу 16-февралда тоо лыжасы боюнча жарышка түшөт.

Кыргызстандын делегациясынын курамы:
Максим Гордеев — спортчу;
Игорь Борисов — машыктыруучу;
Чолпон Жумагазиева — миссиянын шефи, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин кызматкери;
Садыр Мамытов — Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти;
Кылычбек Сарбагышев — Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы.

Бүгүн, 24-январда президент Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын ачылышына катышуу үчүн аралыктан иштөөгө өткөнүн билдиришти.