PWL: Жоламан Шаршенбеков үчүнчү жолку чемпион болду

Алматыда бүгүн, 26-апрелде Күрөш боюнча Поддубный лигасынын кезектеги турнири өтүп жатат. Турнирдин алкагында 19 беттеш пландалган.

Кыргызстандык балбае Жоламан Шаршенбеков орусиялык спортчу Динислам Бамматовду 7:2 эсебинде жеңип алды. Ал муну менен аталган беттеште үчүнчү жолку чемпион болду.