26-апрелде Алматыда эркин күрөш боюнча эл аралык лиганын Поддубный күрөш лигасынын алкагында кезектеги күрөш кечеси өтөт.
Турнирдин негизги беттешинде кыргызстандык Акжол Махмудов менен орусиялык Роман Власов килемге чыгат.
«Бүгүнкү күндө биздин спортту Акжол Махмудов көркүнө чыгарды деп ойлойм. Ал көп ыкмаларды жасайт, стили мыкты, беттештерде да өзүн мыкты көрсөтөт. Бул беттеш мен үчүн чоң чакырык, ал мени формамдын туу чокусуна жеткирет. Мен өзүмдүн мыкты экенимди далилдеш үчүн колумдан келгендин баарын жасайм”, — дейт Роман Власов.











