Роналду: «Аргентинаны жеңген жалгыз команда Сауд Арабия болду. Мен бул жакка жеңиштен ырахат алууга келдим»

«Дүйнөлүк чемпионатта Аргентинаны жеңген жалгыз команда Сауд Арабия болду. Мен бул жакка жеңиштен ырахат алууга келдим». Бул тууралуу Криштиану Роналду билдирди.

Криштиану Роналду Сауд Арабияга келип, «Аль-Наср» командасынын оюнчусу катары алгачкы маалымат жыйын берди. Аны «Мрсул-парк» стадионунда күйөрмандары тосуп алышты.

«Мен жашоомдо бул маанилүү чечимди кабыл алганыма сыймыктанам. Акыркы 10-15 жылда футбол өзгөрдү, азыр ар бир эле команданы жеңүү оор. Дүйнөлүк чемпионатты мисалга алсак, Аргентинаны жеңген жалгыз команда Сауд Арабия болду. Мен бул жакка жеңиштен ырахат алууга келдим», — деди ал.

Айрым маалыматтарга караганда, Криштиану Роналду жылына 90 миллион евро (бонустар менен 200 миллион еврого чейин жетиши мүмкүн) айлыктан тышкары келишимде анын хансарайда жашоосу, ага жана анын үй-бүлөсүнүн муктаждыгына ашыгы менен көңүл бурулуусу, Испания менен Португалияга бекер барып келип туруусу да каралган.