Роналду менен сүйүктүүсүнүн нике келишими ачыкка чыкты

Криштиану Роналду менен сүйүктүүсү Жоржина Родригестин нике келишими ачыкка чыкты. Ал экөө беш баланы тарбиялап жатышканы менен расмий никеге турушкан эмес. Бул тууралуу Sport.es басылмасы жазды.

Келишимге ылайык, эгерде экөө чогуу жашабай калышса, анда Жоржина Родригес автоматтык түрдө Испаниядагы үйгө жана ай сайын футболчу тарабынан 100 миң евродон турган алиментке ээ болот. Ал ошондой эле карын эненин жардамы менен төрөлгөн эгиздердин расмий түрдө апасы болуп саналат.