Роналду Сауд Арабиядагы мыйзамга карабастан жубайы менен жашай алат

Криштиану Роналду Сауд Арабиядагы мыйзамга карабастан жубайы Жоржина Родригес менен жашай алат. Аталган өлкөнүн бийлиги футболчу жана анын жубайы үчүн уруксат беришкенин дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Жергиликтүү мыйзамга ылайык, башка өлкөнүн жарандарына да бир үйдө турмушка чыга элек кыздар менен жашоого тыюу салынат. Роналду менен Родригестин расмий түрдө никеси жок болгонуна карабастан, экөөнүн эки баласы бар. Андан тышкары, футболчунун өзүнүн дагы үч баласын чогуу тарбиялап келишет.