Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев футболго канчанчы номурда чыгышты?

Кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча мелдеш өтүп жатат. Ага Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев да катышууда. 

Биринчи беттеште «Өнөр» командасы менен президенттин администрациясы кез келип, тең чыгышты.

Өлкө башчысы оюнга 11-номери менен кирсе, УКМКнын башчысынын формасында 7 деген номер жазылган.

«Президенттин администрациясы» командасынын курамы:

1. Садыр Жапаров — президент;
2. Камчыбек Ташиев — УКМКнын төрагасы;
3. Медетбек Букуев — Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси;
4. Аяз Баетов — юстиция министри;
5. Алмаз Бакетаев — финансы министри;
6. Умбеталы Кыдыралиев — «Кыргыз алтын» ишканасынын башкаруусунун төрагасы;
7. Азиз Аалиев — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
8. Азамат Жаманкулов — маданият министри;
9. Алмасбек Абытов — парламенттеги президенттин жана Министрлер кабинетинин өкүлү;
10. Муса Жаманбаев — президенттин администрациясынын протокол кызматынын жетекчиси;
11. Арзыбек Кожошев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
12. Доскул Бекмурзаев — энергетика министри;
13. Данияр Амангелдиев — экономика министри;
14. Кудайберген Базарбаев — эмгек министри;
15. Алтынбек Эргешов — президенттин администрациясынын чечимдерди даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси.