Садыр Жапаровду футболдо сүзүп кулаткан Рустам Сагыналиев: «Мен атайын кылган жокмун, командамды коргош керек болду»

Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча мелдеш өтүп жатат. Мелдештин жүрүшүндө президент «Өнөр» командасынын дарбазачысы менен сүзүшүп, кулап түштү. Соцтармак колдонуучулары бул учурда эмне болуп кеткенин түшүнбөй калышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дарбазада турган маданият ишмери Рустам Сагыналиев менен байланышты. 

«Садыр Жапаров оюн башталарда өзү деле «күч атасын тааныбайт» деп айтпадыбы. Мен атайын кылган жокмун. Өзүмдүн командамды коргошум керек болду. Топту тоскондо кагылышып кетип, колум Садыр Жапаровдун башына тийип кетти. Барып тургузууга жардам бердим, ошондо ал мага «Эч нерсе болбойт, бул оюн. Азаматсың!» деди. Анан президент пенальти теппедиби, айтып жатышат атайын тоспой койду деп, жок андай эмес, чындап эле тосо алган жокмун», — деди ал.