«Самат — чемпион!» Орусияда чемпион аталган Самат Абдырахмановду кыргызстандыктар сый менен тосуп алышты (видео)

26-июнь күнү Москва шаарында өткөн Hardcore Fighting Championship чемпиондугунда Hardcore FC лигасынын чемпиондук курун жеңген кыргызстандык мушкер Самат Абдырахмановду бүгүн, 30-июнда мекендештери тосуп алышты.

Видеодон жүздөгөн мекендештер чемпионду «Манас» аэропортунан сый менен тосуп алып, ат мингизип, чаптырганын көрүүгө болот.