Самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Бекболот Токтогонов алтын жеңди (видео)

Кечээ, 12-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күнү жыйынтыкталды.

Кыргызстандын курама командасынан 98 килограммдан жогоркулар арасында Бекболот Токтогонов Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль алды. Ал эми 71 килограмм салмакта Феликс Уланбеков күмүш медаль, 88 килограмм салмак категорияда Жамалбек Асылбек уулу жана күжүрмөн самбо боюнча 64 килограмм салмак даражада Саяк Бараканов коло байгеге ээ болушту.

Чемпиондуктун биринчи күнү 79 килограмм салмак категорияда күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандан Дайырбек Карыяев алтын медаль тагынган. Жалпы Кыргызстандын капчыгында 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль бар. Самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу бүгүн, 13-ноябрда аяктайт.