Эрназар Акматалиев Азия чемпиондугунда күмүш медаль алып калган себебин айтты

«Мелдеш биз үчүн жогорку деңгээлде өттү. Коюлган максаттарга жете албай калдым. Машыгуу учурунда жаракат алып калгам». Бул тууралуу Азия чемпиондугунда күмүш медаль алган спортчу Эрназар Акматалиев билдирди.

«Ошого байланышуу килем үстүндө өзүмдү 100 пайыз көрсөтө алган жокмун», — деди ал.

Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунун күмүш медалын алган. Ал 70 килограммга чейинки салмак ченинде чыгып, 1/4 финалдан баштаган. Акматалиев катары менен эки жеңишке жетип, финалга чыкты. Алтын үчүн күрөштө ага япониялык спортчу атаандаш болуп, андан жеңилип калган