Таэквондо боюнча дүйнө чемпиондуктан жеңиш менен кайткан спортчулар Кыргызстанга келишти (видео)

Нидерландынын борбору Амстердамда өткөн таэквондо боюнча дүйнө чемпиондугунан байге менен кайткан спортчулар мекенине келишти. Бул тууралуу Таэквондо федерациясынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-август күнү «Манас» эл аралык аэропортунан чемпиондорду федерация президенти Мамбеталиева Нуриса баш болгон спорт клубдун машыктыруучулары, окуучулары тосуп алышкан.