Кыргызстандык Талант Бегалиев Лутраки шаарында (Греция) башталган күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалында жеңишке жетип, алтын медалга ээ болду.
Бегалиев финалдык беттеште америкалык Майкл Ли Мэдрини 11:0 эсебинде жеңди.
Чемпионат 24-октябрда жыйынтыкталат. Жалпысынан Кыргызстандан Грецияга алты спортчу жана эки калыс барган.











