Кечээ, 11-июнда Азия зонасында Дүйнө чемпиондугу жана Азия Кубогунун айкалышкан экинчи тандап алуу раундунун алкагында 6-жыйынтыктоочу турдун оюндары орун алып, Кыргызстандын улуттук курамасы Оманга каршы кез келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Оюн курамалардын тең чыгуусу менен аяктап (1-1), анын жыйынтыгында, Кыргызстандын Улуттук курамасы Азия Кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна чыгуусун камсыздады. Жыйынтыктоочу турнирдик жадыбалда курамабыз 11 упай менен экинчи орунду ээледи. Оман 13 упай менен биринчи орунда, Малайзия 10 упай менен үчүнчү орунда, кытайлык Тайбэй 0 упай менен акыркы орунда.