Ура! Айсулуу Тыныбекова алтынчы жолу Азия чемпиону болду

Бүгүн, 14-апрелде Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова алтынчы жолу Азия чемпиону болду.

62 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова чечүүчү финалдык беттеште япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 9:6 эсебинде жеңди.