Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен мушташуу учурунда колун сындырып алган.
Беттештин биринчи раундунда Шевченко баш бармагын сындырып алган. «Колумдан жаракат алдым. Майдаланган сыныкка хирургиялык кароо керек», — деп жазган Шевченко.
Беттеш 17-сентябрда Лас-Вегаста өтүп, 47:47, 48:47, 47:48 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Грассо чемпиондук титулун сактап калды.