Валентина Шевченко Ошко барып, күйөрмандары менен жолугат

UFC чемпиону Валентина Шевченко эртең, 12-декабрда Ош шаарына барат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

«12-декабрь күнү Ош шаарына кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко келет. Спортчу Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары менен жолугат. Жолугушуу жекшемби күнү саат 14:30дан 17:00гө чейин болот», — деп жазылат маалыматта.