Валентина Шевченко «Спорттун отличниги» төш белгиси менен сыйланды

UFC чемпиону Валентина Шевченко «Спорттун отличниги»  төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Бүгүн Валентина Шевченко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине барды. Алгач мушкер айымды аталган министрликтин башчысы Азамат Жаманкулов тосуп алды. «Министр менен жолугушууга Валентинанын апасы Елена Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов да катышты», — деп айтылат маалыматта.